23.09.2019 09:41
Бишкекте дайынсыз жоголгон өспүрүм Саид Бебеза табылды (видео)

Калаа милициясы дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Саид Бебезаны тапты. Бул туурасында Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.
Ушул жылдын 18-сентябрында Бишкек шаардык Свердлов РИИБине калаа тургуну И.Н. арыз менен кайрылып, 11 жаштагы уулу Саидди табышып коюуну суранган. Ал 16-сентябрь күнү саат 15:00 чамаларында «Дордой» конушундагы үйдөн чыгып кеткен боюнча, кайра келген эмес.
Бул факт бирдиктүү реестрге катталган.
21-сентябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Жаш Гвардия бульварындагы «Дельфин» бассейнинен алыс эмес жерден Саид Бебеза аман-эсен табылган. Бала ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Апрель 2025
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
Выбранная дата: